Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142


- Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуштады. Ал бул маселени чек ара маселесин чечкенче согуш болтурбай туруу үчүн көтөрдүбү? 

- Коргоо министринин кыргыз-тажик чек арасын чек ара маселеси чечилгенче Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрү  кайтарса жакшы болот эле деген сунушу тура эле. Алар кыргыз-тажик чек арасын кайтарса, тажиктердин агрессиясы болбойт эле. Чек арага чектеш жашап жаткан эл кайсы күнү тажиктер бастырып кирип келет деп чочулабай жашайт эле.

- Астанадагы саммитте кыргыз-тажик чек арасын тактоого Орусия ортомчу болууга макул экенин билдирди. Ошондой эле Путин Москвада Советтер союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин айтты. Москвада кыргыздар билбеген  карталар да болушу мүмкүнбү?

- Путиндин антип айтканынын себеби бар. Орустарда 70 жылдык карталар, СССР убагындагы документтер бар. Чек ара маселесин Россия ынтымакка чакырып тынчтык жолу менен чече алат. Россияда 1 млн кыргыз мигрант, 2 млн тажик мигрант бар. Ошон үчүн анын айтканы таасирдүү. Ошондой эле, Россияга экономикалык, энергетикалык жактан көз карандыбыз. Себеби, Россиянын рычагы бар. Бирок Москвада кыргыздар билбеген карта жок деп ойлойм. Мүмкүн протоколдор, убактылуу пайдаланууга берилген ички документтер бардыр. Эң негизги юридикалык документ болуп 1991-жылы СССР эсил кайран болгондо кол койгон документ эсептелиши керек.