КР УКМК Бишкек шаарынын Түштүк-Чыгыш бөлүгүндө жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймакта берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү улантып жатат. Анын негизинде, түштүк чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлерин жеке жактарга жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Ошондой эле, шаар курулушун, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтер да мыйзамсыз берилген.
КР Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришкен. Республиканын суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштар курулган.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.