Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

 - Эрнест агай, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылыптыр. Чек араны ЖККУнну бейпил күчтөрү кайтарса жагдай жакшырышы, абал турукташышы мүмкүнбү?

- Мен бул жөнүндө өзүмдүн жеке оюмду сунуштагам. Чек арада азыркы болуп аткан конфликттер бул жөнөкөй эле эки өлкөнүн ортосунда уруш-талаш эмес, дүйнөдөгү ири державалардын тиреши болуп жаткандыгынын белгиси. Дүйнө жүзү структуралык кризиске кабыл алынып, өздөрүнүн экономикасын сактап калалы, коопсуздугубузду сактайлы деп, чоң конфликттерге барып жатышат. Афганистанда АКШ 20-25 миң тонна топтоп, анан калтырып кеткен баңгизат бар. Баңгизатты контролдогон эл аралык бандалар бар, мамлекеттердин саясый элиталары, аскердик техникалары аралашкан. Ошол 20-25 миң тонна сакталган баңгизаттын ири көлөмү биздин регион аркылуу кетет. ЖККУнун бейпил күчтөрү жардам бере албайт го, менин оюмча. ШОСтун армиясын тартыш керек Борбордук Азияны коргогонго, анткени, Россия менен Кытай Борбордук Азиянын чек арасын өздөрүнүн тышкы чек арасындай эсептешет. Жалпы ШОСко кирген өлкөлөрдүн коопсуздугун сакташ үчүн ШОСтун армиясын тартыш керек. Андан тышкары, Кыргызстандын бойго жеткен эркектерден баштап, мага окшогон запастагы офицерлерине чейин  3 айлык аскердик сборлорго чакырыш керек. Чек арага аскердик машыгуу лагерлерди түзүп, ошол жерден баарыбыз даярданышыбыз керек. Каражатты ШОСтун бюджетинен караш керек. Тынчтыкты каалайбыз десек, дайыма согушка даярданышбыз керек. 

- Баса, Астанада болгон саммитте кыргыз-тажик чек арасын тактоого Орусия ортомчу болууну сунуш кылды. Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин орус президенти Владимир Путин билдирди. Анда кыргыздар билбеген да карталар болушу мүмкүнбү?

- Тынчтык үчүн баардык сунуштарды кабыл алышыбыз керек. Архивдер Москвада, Бишкекте жана башка борборлордо бар. Кээ бир өлкөлөрдүн архивдеринде архивдик документтер өзгөрүлүп, фальсификацияга алынышы мүмкүн. Анткени убагында чоң саясый мамлекеттик кызматкерлер жерлерибизди башкаларга берип салганын жалпы эл билет. 10 жыл мурда Талас обласынын, Кара Бура районун, Көк Сай айылы менен ошол эле айылдын жайлоосунун ортосун кошуна казак туугандар эки мамлекеттин Протоколуна таянып (Протоколго өкмөт башчылары кол койгон), демаркация столбдорду орнотуп тосуп алышкан. Казак  аксакалдары "бул биздин жерибиз эмес, бул кыргыздын жери" десе да. Көрсө, Кок-Сай айылынын жайлоосунда ири алтын кени бар экен. Азыр кандай абалда бул маселе, мен түрмөдөн чыккандан кийин маалымат ала элекмин. Ушул көйгөйдү көтөрүп жүргөн Таластын жарандык коомунан билиш керек. Активисттер айтып жүрүшкөн ошондо, "Биз Москванын архивине кантип кайрылсак болот?" - деп анткени, биздин архивде ошол чек ара боюнча маалыматтардын барактары айрылып, кээ бир барактар кол менен өзгөрүлүп калыптыр. Ушундай.