- Каныбек агай, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуштаптыр. Чек араны ЖККУнун бейпил күчтөрү кайтарса жагдай жакшырышы мүмкүнбү?
- Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) дарегине көптөгөн дооматтар айтылып жүрбөйбү? Менимче туура эле. Быйылкы жылдын январь айында Казакстанда орун алган трагедиялуу окуяларда ЖККУнун аскердик күчтөрү активдүү тартылды. Ошондо дагы бул согуштук блоктун уставдык эрежелери бузулду деп айтып чыгышты. Ал эми Армения менен Азербайжандын ортосундагы Карабахтын айлана-чекесиндеги согуштук конфликтте ЖККУ нейтралитетти карманып турду. Армения тарабынан бир топ таарынычтуу дооматтар билдирилди! Демек, бул уюмдун уставдык шарттарына болгон суроолор бир топ эле бардай. Ошондуктан биз менен тажиктердин ортосундагы чек аралык конфликтерине ЖККУ өзүнүн бейпилдик күчтөрүн колдонгонго эмнеге болбосун? Канча адамдын өмүрлөрү сакталып калмак. БУУнун "жашыл каскачандарынын" түздөн-түз таасирлери менен дүйнө жүзүндө канчалаган согуштук конфликтер токтотулуп жатат? Биздин коргоо министринин сунушун баарыбыз активдүү колдоп туруубуз абзел. ЖККУ өзүнүн тынчтыкты коргоо миссиясын эффективдүү коргоого өтүүсү азыр өтө зарыл! Андай болбосо анын мүчөлөрү тарабынан катуу нааразычылыктар чыгып кетүү коркунучу бар.
- Астанада өткөн саммитте кыргыз-тажик чек арасын тактоого Орусия ортомчу болууну сунуштады. Ошондой эле Путин Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин билдирди. Анда кыргыздар билбеген да карталар болушу мүмкүнбү?
- Кыргыз-тажик чек арасын тактоо зор согуштук конфликттер менен коштолуп кеткени эки кошуна элдин трагедиясы болбодубу? Деги эле түшкө кирбеген кайгылар орун алды! Эми деле кошуна тарабынан агрессивдүү аракеттер жок эмес. Ага мисал катары коңшулардын лидеринин Астанадагы басым-турумун келтирсек болот. Ошондуктан, Россиянын абройлу президенти деп эсептелген Владимир Путиндин ортомчу болууга жасаган далаалатын түшүнүү менен кабыл алып туралы. Башка маселе - Путин мырза так жана кескин түрдө аягына чейин адилет болуусу абзел! Ал эми архивдик документтерге келсек - бул жакшы иш болмок. Чек аралар расмий тарыхый документтер аркылуу гана такталышы жөндүү. Дүйнөлүк практика ушундай. Албетте, көптөгөн карталар жөнүндө бизде маалымат жок! Аны жарыкка алып чыгып чечип коюшса эки тарап тең ыраазы эле болушмак! Жакшылыктан үмүт кылып туралы. Азыр тынчтыкты гана ойлоп жашашыбыз керек!