Жалал-Абадда бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган же толук эмес маалыматтар менен толтурган мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге 535 иш козголду.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандардын арасында бир аким, биринчи вице-мэр, жергиликтүү соттордун аппаратынын 3 мамлекеттик кызматкери жана 1 мамлекеттик нотариус бар.
Сот органдары тарабынан 379 иш боюнча чечимдер кабыл алынып, укук бузуучулар жалпы 1 млн 254 миң сомдук айып пулдарга кириптер болушкан. Азыркы учурга карата булардын ичинен 874 миң сом укук бузуучулар тарабынан төлөнүп, мамлекеттик бюджетке которулган.