Печать
Категория: Коом
Просмотров: 218

- Кемпир-Абад боюнча да оң-тескери пикирлер айтылып жатат. Бийлик катачылык кетирдиби же абалды жөнгө салуунун, чек араны тынчтык жол менен чечүүнүн жолун таптыбы?

- Эл ичи тынч болушун каалабаган арам ойлуу жемкорлор ушул ызы - чууну баштады. Баткенден куйрук улай Кемпир-Абадды чыгарып элдин тынчын алып, чаргытып жатышат. Чек ара өтө талылуу экенин билишет. Ошондуктан элдин башын айландырып өз пайдасына чечкиси келип жаткандар билинип эле калды. Буларга жер кызык эмес. Эптеп бийликти оодара тартып, өлкөнү май талкан кылып отуруп калгылары бар. Кокустан жер талаштан чуу чыгып, Ош окуясындай окуя башталып кетсе деп кан күсөп турган кузгундардын тилегин таш капсын!

Ушуга чейин чечпей жанынан коркуп келген президенттерден айырмаланып азыр "өгүздү өлтүрбөй, арабаны сындырбай" чечкенге аракет кылып жаткан бийликти туура түшүнүп колдошубуз зарыл.

Мүмкүн болушунча биздин пайдага чечүүгө жетишип, тынчтык жолу менен чечүү жолун табышыптыр.

Азыр дүйнө эли ооп- төгүлүп турганда кудайга тообо деп, тынч күндөрүбүздүн кадырына жетели.

Бузукулардын сөзүнө кирбеңиздер, асыл журтум. Эл арасында иш билги, сөз билги  улуу-кичүү! Калыс сөздү айтып, тынчтыкка чакырыңыздар!