Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карады.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болду. Бул тууралуу каршы добуш бергендердин бири, депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

"Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим", - деди ал.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе  10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин "жашыруун маалыматтарга байланыштуу" деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.