Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

- Коомчулукта Кемпир-Абад боюнча да оң тескери пикирлер айтылып жатат. Бийлик катачылык кетирдиби же абалды жөнгө салып, чек араны тынчтык жол менен чечүүнүн жолун таптыбы?

-Чек ара маселеси өтө оор, кылдат мамиле кылыш керек. Эл аралык мыйзамдар боюнча  талаш жерлер 50%50 менен чечилет. Бир өлкө баарын алып, экинчи өлкөгө эч нерсе калбай калса согуш чыгат. Чек ара маселесинде утуучу өлкө болбойт, бир жерден утсаң, экинчи жерден уттурасың.

Чек ара маселесинде саясатчылар, оппозиция, партия, жеке кызыкчылык, аймактык кызыкчылыкты унутуп баары бир муштумга түйүлүп, мамлекеттин сунушун ийри олтуруп, түз кеңешиш керек. Анткени, "кеңешип кескен бармак оорубайт".

Кыскартып айтканда, 4485 гектар Кемпир -Абадды бериптир, 19865 гектар жер  алыптыр. Айрыма чоң, жакшы. Талаш жерлердин баары бизге өтүптүр, Гавасай, Унгар - Тоо жана башка. Менде бир гана суроо бар болчу. 50 же 100 жылдан кийин суу соолуп калса, ал жерге Өзбектер шаар салып албайбы, сууну тегерете тосуп, чек ара кылып албайбы деген.
"Чек ара кылып тоспойт, балык кармаганга, мал сугарганга эркин кирип чыгат. Кыргыздар 50%50 менен сууну колдонууну башкарат" деген жоооп  алдым. Эгер ошондой болсо макул болуп, жок дегенде өзбектер менен дос болуп, чек араны тосуп элди тынч жашоого алып келишибиз керек. Эгер Каримов тирүү болсо мындай макулдашуу болмок эмес. Эки ажонун мамилеси жакшы болуп турганда   мындай маселелерди түбөлүккө  чечип алышыбыз керек. Ошондой эле Каримов каршы болгон  ГЭС, Кытай -Өзбекстан-Кыргызстан эл аралык темир жолду салышыбыз керек. Тажик менен согуш болсо Өзбекстан  жардам берет. Буюрса, чек араны бирге коргойбуз, соода- сатык өнүгөт.