Печать
Категория: Коом
Просмотров: 292

Мекенчилдик сезимдеги ырлары менен поэзия сүйүүчүлөрдүн жүрөктөрүнөн түнөк тапкан ЖК депутаты Мирлан Самыйкожонун  чыныгы инсандык жүзүн, беделин, ички көрөңгөсүн көрүп жатабыз. Анын депутат катары иш-аракеттери өзү жазган ырларына шайкеш болсо, балким башкача болмоктур.

Бирок А.Мадумаровду туу тутуп, аны ээрчип, туурагандан бери тескерисинен кетти. А.Мадумаровдой кооз сүйлөп, тилимди буудай кууруганды үйрөнсөм, саясаттагы арышым узак болот» дегенби, айтор популистке айланды. «Мамлекеттик сырлар айтылышы мүмкүн, кошуналар, душмандар билип албасын, жыйын жабык өтсүн» дегенден шоу, саясат жасап, «мен телефонсуз кирбейм» деп ызы-чуу салып, элдин көңүлүн өзүнө буруп, жакшы эле пиар кылды. Түшүнгөн адамга мындай кадамга элдин душманы гана барышы мүмкүн. Душман гана жыйын ачык өтүп, андагы айтылгандар душмандарга да жетсин демек. 

Азыр Мирлан Самыйкожону айрымдар бийликти сынга алган, кооз сөздөрү үчүн алкап, жалкашууда. «Адам аласы ичинде» дейт кыргызда.  Бирок чыныгы жүзүн, максатын билише элек. Мансапты, бийликти, байлыкты жакшы көргөн эргул экенин билишсе, жерге түкүрүшмөк. 2020-жылдын 4-октябрында УТРКнын Башкы директорун кууп чыгып, ордуна өзү отуруп алганын УТРКдагылар жакшы билишет. «Шибегени капка ката албагандай» эле убакыттын өтүшү менен Мирлан Самыйкожонун чыныгы жүзү билинери талашсыз. Алдыда сүйлөгөн сөзү менен кылган иштери дал келбеген жүрүштөрүнө, жийиркенткен жорук-жосундарына, жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракеттерине далай күбө болорубузду бөркүбүздөй көрөлү.