Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов чек ара маселеси чечилбей жүрө берсе, андай чыр чатактын чыгышына себеп боло берет деп эсептейт. 

"Чек ара маселесин эртерээк чечпесек, ар кандай чыр чатактар чыга берет. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда деле ок атышкан учурлар көп болгон. Андай жаңжалдарды болтурбай коюунун бирден бир жолу - тезирээк чек араны чечүү болуп саналат. Өзбекстандан кийин Тажикстан менен чек араны такташыбыз керек. Мына, бүгүн Душанбеде жолугушуу болуп жатканы айтылууда. Чек араны чечип, зым тикенек орнотуп алсак, жаңжалдардын себебин жок кылынып, тынч жашап калабыз. Элдин күткөнү да, бийликтин моюнундагы милдети да - ушул", - деди Кыяз Молдокасымов.