Печать
Категория: Коом
Просмотров: 231

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов чек ара боюнча чечим бардык эле адамга жага бербейт, бирок көпчүлүктүн пикирине таянып кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар дейт. 

"Чек ара боюнча чечим бардыгына эле бирдей жага бербейт. Бирок көпчүлүктүн пикирине таянып туруп чечкенге болот. Бул жерде эч кандай саясат, сенсация жок. Кыргызстандын ичиндеги негизги маселелерди, кыйынчылыктарды бир чечимге келип, чечүүгө умтулбасак, каталар ордунан козголбойт. Бир муштумдай түйүлүп, ички карама каршылыктарды жеңип туруп, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, келечек үчүн маселени так чечкенге аракет кылышыбыз керек", - деди Алмамбет Матубраимов.