Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков кыргыз-өзбек чек арасын эки өлкө президенттеринин мамилеси жакшы болуп турган маалдан кеч калбай чечип алуу керек деп эсептейт. 

"Биз бүгүн ушул айтылгандар менен макул болушубуз керек. Эки өлкөнүн президенттеринин мамилеси жакшы болуп турган убакта чек араны чечип алышыбыз зарыл. Болбосо, Тажикстан менен чек арадай болуп чыр чатактар чыга берет. Ар дайым чек ара маселеси 50-50 менен бүтөт. 50 пайызы ал мамлекетке тийсе, 50 пайызы бизге болот. Дүйнө жүзүндө согуш дин, чек ара, улуттар аралык мамиледен келип чыгат. Чек ара маселесинде саясат кылбаш керек. Кыргызстандагы оппозициябы, позициябы бир муштумга биригиши керек, ошондо жеңебиз. Мына, Тажикстан менен чырыбыз бүтпөй келатат, бул жакшы эмес. Ошондуктан, кыргыз-өзбек чек арасында саясаттагы, жеке кызыкчылыктардын баарын унутуп мамлекеттин келечеги үчүн макул болушубуз керек", - дейт Бейшенбек Абдразаков.