Чек ара маселеси өтө эле саясатташып кетти. Чек ара табу сыяктуу болушу керек эле. Билбегени да, түшүнбөгөнү да чек араны сөз кылышып, акыл айтышып, өздөрүнүкүн таңууламай адатка айланды. Тилекке каршы, ЖКда жабык каралат дегенди айрымдар трагедия сыяктуу кабылдап атышса, кээ бир эл өкүлдөрү андан да саясат жасашып, популизмдик болуп атат. Депутаттарды телефондору менен киргизбей жатканына айгай салуунун эмне кереги бар? Телефонсуз эле катышып, эмне, кандай болгонун, эмнелер айтылганын коомчулукка айта берсе болот да.
Чындап келгенде, чек ара боюнча маселелер керектүү учурда ЖКда жабык каралышы керек. Анда ар кандай мамлекеттик сырлар айтылышы мүмкүн. Демократия, сөз эркиндиги деп эле бардык маалыматтар айтылып, жазылып, сырлардын ачыктала бергени туура эмес. Ачык-айкындуулук элибизди маалымдуу кылганы менен өзүбүзгө «муш» болуп тийип атат. Мисалы, Тажикстанда чек ара боюнча эмне, кандай сөз болуп атканы, парламентинде эмнелер айтылып, кандай чечимдер кабыл алынып атканы боюнча эч нерсе билбейбиз. Ашыкча эч кандай маалыматтар айтылбайт, сөз кылынбайт. А биздечи? Баары ачык-айкын. Бизге эле эмес, Тажикстандын атайын кызматына түгүл, жөнөкөй элине маалым. Чек арага байланышкан маселеде ашкере ачык-айкындуулук зыянын гана тийгизет. Ушуну карапайым эл түшүнбөсө да, депутаттар, саясатчылар, блогерлер, активисттер түшүнсө болор эле…
Мирлан Дүйшөнбаев