Печать
Категория: Коом
Просмотров: 214

Бүгүн, 10-октябрда  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе каралып, бул жааттагы келишим талкууга алынып жатат. 

Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, бир катар мурдагы жана азыркы аткаминерлер катышып жатышат. 

Жыйынга камера жана үн жаздыруучу каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынган. 

"Бүгүн биз келишим долбоорун талкуулайбыз, аны макулдашууга алып келдик. Буйруса, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери ага кол койсо, андан кийин гана сиздерге ратификацияга алып келебиз. Ошондуктан, айрым депутаттардын ратификация боюнча бул документтер керек деп жатканы туура, ал мыйзам талабы. Ратификацияга алып келгенибизде сиздер сураган документтер топтому колуңуздарга тиет", - деген Камчыбек Ташиев бүгүн келишим боюнча эл өкүлдөрүнө маалымат берилип жатканын белгиледи.

Ошондой эле, ал көптөгөн документтер, карталар өтө жашыруун экенин билдирди. Айтымында, жашыруун документтерди кол койгонго чейин ачыктаганга болбойт. 

"Ооба, президентибиз Садыр Нургожоевич баарын ачык көрсөткүлө деп айтты. Бирок бүгүн эртең менен колубуздагы документтер өтө жашыруун болгондуктан аны камерага тарттырбастан комитеттин мүчөлөрүнө, коомчулукка, журналисттерге түшүндүрүп берүү боюнча мамлекет башчы менен макулдашканбыз", - деди Ташиев.

Учурда жыйында жалгыз камера тартып жатат. УКМК төрагасынын айтымында, ал камера атайын кызматтыккы жана ага тартылгандар документтештирилет жана коомчулукка чыгарылбайт. Жыйындагы маалыматтар эл аралык коомчулукка чыгып кетпеши үчүн башкаларга камерага тартууга, үн жаздырууга жана телефон алып кирүүгө тыюу салынган.