Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынын алдында кирүү эрежесине нааразы болду. Белгилей кетсек, аталган комитетте учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоого байланышкан маселе каралып жатат. Мындан улам чек ара маселеси мамлекеттик сыр категориясында кармалгандыктан, жыйын кандайдыр бир деңгээлде жабык өтүүдө.
Биринчиден, жыйынга катышуучулар телефонсуз, журналисттер кесиптик техникасыз киргизилди. Андагы билдирүүлөр, талкуу, талаш-тартыш коомчулукка чыкпашы керек.
Экинчиден, катышуучулар келишимди гана талкуулай тургандыктан, аларга чек арага байланышкан документтердин баары көрсөтүлгөн жок. Негизинен карта ачыкталбады, анткени, ал жашыруун болуп саналат.
Депутат Мирлан Самыйкожо жыйынга телефону жок кирүүдөн баш тартты. "Биз сөз ташыгыч эмеспиз! Бул эмне деген басым?! Кечээ президент талкуу ачык болоорун убада кылбады беле!" - деп булкулдаган депутат эшик тоскучтардын командирин чакырып, жакшы эле өзүн көрсөтүп, ызы-чуу чыгарууга аракеттенди. Эреже баарына бирдей экенине, эл өкүлү болобу же башкабы, мамлекеттик сырга келгенде баары тең катарда болуп калаарына көзү жеткенден кийин Самыйкожо телефонун кыя албай, жыйынга кирбей койду.