Печать
Категория: Коом
Просмотров: 329

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берип коюшту" деген сыяктуу жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөтүүнү көздөгөн тарап тууралуу пикирин жарыялады. 

"Ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш - алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле. Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы", - деп жазды Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо максатындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Унгар-Тоо, Гавасай Кыргызстандын карамагында калганы айтылууда. Андан тышкары, маалыматтарга караганда, Өзгөнгө 500 гектар, Сузакка 500 гектар жаңы жер берилген. Суу сактагычтагы суунун горизонту 908ден 900гө түшүрүлдү. Мындан улам жээктен дагы 1246 гектар жер бошоп, ал Өзгөн элинин пайдалануусуна берилет.  Плотина кыргыз-өзбек тараптан, теңме тең башкарууга алынат.