Печать
Категория: Коом
Просмотров: 326

Тилекке каршы, бизде чек ара маселеси өтө эле саясатташып кетти. Маселени түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да сөз кылышып, акыл айтышып, сынга алышып, айтор чек араны маал маалы менен эрмектеп турчу темага айландырып алышты. Ачуу чындык ушундай. Тажикстанда чек ара боюнча эмне, кандай болуп атканы тууралуу эч нерсе билбесек, Кыргызстандагы активист, блогер, саясатчы сөрөйлөрдүн ашыкча «активдүүлүктөрүнөн» улам тажик тарапка баары дайын болууда. Мындай абал албетте, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеп атат. Мына ушуну айрым блогер, саясатчы дегендер качан түшүнөт?

Баарынан да генерал, кезинде Баткенди башкарган Өмүрбек Суваналиевдин чек ара боюнча К.Ташиевди күнөөлөгөнүнө жол болсун! «Ташиев турганда оппозициянын кереги жок» деп, чек ара аймагындагы кагылышууларга К.Ташиевди айыптаптыр. Тажиктердин чырагына май тамызгандын ордуна генерал Суваналиев тилин тишине катып, унчукпай тура турса болмок. Суваналиевдей адамдар турганда, кыргызга сырттан душмандын деле кереги жок! Ал аны менен чектелбей, чек ара боюнча чечимдерди К.Ташиев жалгыз өзү кабыл алып атат деп, К.Ташиев менен президент С.Жапаровдун ортосуна май тамызгысы келиптир.  Болбосо, УКМК төрагасы президент менен кеңешпей, акылдашпай туруп, бир дагы чечимди кабыл албай турганын эң жакшы билет. 

Мындан сырткары,  Ө.Суваналиев К.Ташиевдин чек арадагы кагылышууларда атайын даярдалган согушчандар жүргөнүн айтканын да сынга алды. Анын оюнча, К.Ташиевдин антип айтканы туура эмес болуптур. Бирок түшүнгөн адамга  К.Ташиев: «тажиктер атайын согушчандарды жалдап, максаттуу, пландуу кол салды. Чек арадагы кагылышуу кокустан чыккан жок», - деп чындыкты айтты, тажик тарапты айыптады. Чын эле ошондой болгонун, атайын согушчандар басып киргенин, аларды тажик генералы Шох башкарып жүргөнүн баарыбыз көрдүк го. Эмне, Өмүрбек мырза көрбөй калдыбы?

«Бүткөн ишке сынчы көп» дейт кыргызда. Тажиктер басып кирип, согуштук абал жаралып, кырдаал курчуганда баштарын коңулга катып, демдерин чыгарбай отурушкандар бүгүн минтип акыл үйрөтүп, сын айта башташты. Ошол учурда каякта эле?  Баткенге, атышуулар болгон жерлерге барбайт беле? Башкасы болбосо да генерал Ө.Суваналиев барса жарашмак. Өмүрбек мырза убагында Баткен облусун да башкарган. Бирок чек араларды чечүү, элдин тынчтыгын камсыз кылуу максатында жарытылуу иш кыла албай, узакка иштебей өз каалоосу менен кызматын тапшырып, Баткенден Бишкекти көздөй баса бергени эсибизде.