Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”,- демекчи, мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин өлкөбүздө билим алып жаткан индус студенттердин өкүлүнөн 110 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалышы көпчүлүгүбүз үчүн күтүлбөгөн жагдай болсо, анын өзүнүн жактоочулары шок абалына кабылышты. Себеби ал жаштыгына карабай эки ирет бул министрликтин креслосуна отуруп, жаратман, билимдүү, эл аралык деңгээлде ой жүгүрткөн министр катары бааланып келаткан. Бирок...

Көрсө, маселенин баары алкымда жана абийирде экен. “Бирөө өлбөсө, бирөөгө орун жок”,- демекчи, Украина Россия согушу башталганда ал жакта окуган индиялык, пакистандык студенттер качып чыгышкан. Алар он миңдеп саналат. Аларды өз өлкөлөрү ар кайсы мамлекеттерге окуусун улантууга жиберишет. Студенттери биздин жогорку окуу жайларына келип окууларын улантуу маселесин чечүү үчүн Индиянын бийлик өкүлү министр А. Бейшеналиевке келип жолугат. Тигил "ал студенттердин баарын кабыл алыш үчүн өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, өкмөт башчысына акча бериш керек" деп калп айтып 100 миң доллар пара алат. Бул 28-август күнү болгон окуя.

Долларды алып, өкмөттүн токтомун 30-август күнү чыгартып берет. Бирок чет өлкөлүк жаран "Токтом биз сурангандай болбой чийки болуп калыптыр" деп кечээ кайра министрге келет. "Биздин студенттерди саналуу эле (5-6) жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча токтом чыгып калыптыр. Ошондуктан токтомго өзгөртүү киргизип, Кыргызстандын баардык окуу жайларына кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз",- деп кайрылат. Министр болсо "Эки-үч күндүн ичинде жаңы токтом кабыл алдыртып берем, бирок тездеткеним үчүн дагы 10 миң доллар төлөшүңөр керек',- деп, 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Мурдагы 100 миң доллар алганын да толук мойнуна алды. Бул каражаттын 37 миң 500 долларын кармалары менен дароо эле ИИМде тергөөгө накталай кайтарып берди. Айтымында 52 миң долларын жолтандабас унаа алып келип кайра сатып бизнес кылам деген бир тууган бажасына карызга берген. Ал бажасы дагы тергоого келип 52 мин доллар алганы чындык экени боюнча корсотмо берди. Калган акчаларды банктык эсебине салган, үйүнө каткан. Пара түрүндө алган акчаны толук кайтарып берүү милдеттенмесин алды.

Тилекке каршы экс-министр пара алгандыгын моюнга алып, бир бөлүгүн ошол замат кайтарып бергендигине карабай, анын айрым жактоочу, жердештери соцтармактар аркылуу актаган, жактаган постторду жазышып, ал тургай Ай, Күнгө теңеген депутатыбыз Ж.Акаев Парламент трибунасынан бийлик тарапка “Качан ушунуңарды токтотосуңар...?!”- деп жарылды.