Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

Өткөн жумада Түркиянын Изник шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюну башталар алдында жалпы эле кыргыз эли, кыргыз маданияты жана эң негизгиси “Манас” эпосу үчүн чоң жаңылык болуп, дагы бир ирет дүйнө жүзүнө даңазаланды. Анткени  Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, манас айтуучулук багыты боюнча  Гиннестин рекорддор  китебине катталды.

Рысбай Исаковдун катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Гиннестин рекорддор китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.

"Манас жумалыгы" иш-чарасына Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында манас айтуу, аны сактоо жана таанытууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш-чара улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылды

Ошондой эле иш- чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулашты.

Белгилей кетсек, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп саналат.

Анын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.

Бирок Кыргызстандын өзүндө Р. Исаковдун Манас айтуусуна жана башка кыймыл-аракетине социалдык тармактар аркылуу сын-пикирлер айтылып жатты. Бул сыягы, баягы эле ичкүйдүлүк, көралбастык илдетибиз болсо керек. Ансыз кыргыз болбой калабыз да...