Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек келишими тууралуу билдирүүсүн комментарийледи.
- Президенттин Фейсбуктагы посттунда дагы бир эң маанилүү нерсе айтылды: келишимде суу сактагычтын горизонту төмөндөп, анын негизинде суу сактагычтын жээгинде кошумча 1246 гектар жер аянты бошойт. Ал аянт толугу менен Кыргыз тарабына өтүп, ошол жерде жашаган кыргыз жарандарына үлүш катары бөлүнүп берилет экен! Тыянак: мындан ары да суу сактагычтын көлөмү азая берсе, бошогон аянттардын баары кыргыз тарабына кошула берет дегенди билдирет!
Башкача айтканда, суу астындагы жер да Кыргызстандыкы, жылдан жылга суу азайып, суу астындагы жерлер бошой берсе, ал жерлер Кыргызстандын жери деп таанылган, жогоруда айтылган 1246 гектардын уландысы болуп кете берет! Бул жакшы нерсе! Бул нерсе Кемпир- Абад эч жакка берилген жок, эч жакка кеткен жок, мурун деле Кыргызстанда болчу, бул келишимден соң деле Кыргызстандыкы болуп кала берет дегенди билдирет! Сууну бөлүштүрүү, тейлөө- бул башка нерсе. Аны биргелешкен, 50\50 принцибинде иштеген атайын суу чарба мекемеси түзүлгөнү калыптыр! 50-50 болсо анда 2 тараптын тең бири бирине ишеними артат! Суу калыстык менен бөлүнөт деген ишеним пайда болот!
Менимче, Өзбекстандын Кемпир-Абад маселеси боюнча жерлерди алып калалы деген максаты жоктой. Алар үчүн эң маанилүүсү: бул суу сактагычтан үзгүлтүксүз сугат суусун азыркы колдонуп келаткан жер тилкелерине алып туруу. Ошол үчүн алар да кандайдыр бир компромисске барууга даяр экен деген үмүтүм бар. Мындай иште ар дайым компромиссиз, бири бирин түшүнүү жана сыйлоосуз маселе чечилбейт! Так ошондой жолдобуз деп туралы....