Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Президент В. Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Россиядагы автомат көтөргөнгө жараган эркек аттуунун баары дүйнө жүзүнүн туш тарабынан дыргаятап качып жөнөшпөдүбү. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан.

Аларды да туура түшүнсө болот. Себеби эч кандай мааниси жок. Баскынчылык максаттагы бир тууган славяндар болуп эсептелген украиндерге, Украинага каршы согушуп, жөн эле өлгүлөрү келишпеди. Эми орус бийлигинин айласы кетип, өз аймагындагы эмгек мигранттарына жеңилдетилген түрдө жарандыкты бере тургандыгын расмий түрдө жарыялады. Мындан тышкары орус жарандыгы жок мигранттарды да коркутканын коркутуп, алдаганын алдап, кээ бирөөлөрүн акчага кызыктырып согушка айдап жатат деген кеп тароодо.

Бул жагдай боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Россиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты.

Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

"Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Россиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берип, орус жарандыгы барлар арасынан биринчи кезекте аскерге запастагылар жана буга чейин аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр, тийиштүү адистикке жана тажрыйбага ээлер мобилизация болорун билдирген.