Печать
Категория: Коом
Просмотров: 255

Бүгүн, 6-октябрда парламентте бир катар министрликке талапкерлерди депутаттар залдан чыгарып жиберишти. Алар Акылбек Жапаров өзү талапкерлерди тааныштырышы керек деп чечишти. 

Ага чейин президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытов: "Талапкерлерди тааныштыруу милдетин мамлекет башчы Садыр Жапаров мага жүктөдү", - деп айткан. 

Бирок буга депутаттар көнүшпөдү. Биргеликте Министрлер Кабинетинин төрагасы өзү келиши керек деп чечишип, талапкерлерди чыгарып жиберишти.