- Кыргыз элинин душмандары:
1. Эгемендүү болгон эң алгачкы жылдары Акаев деген подкоблучник Майрамдын юбкасынын түбүнөн жылтыраган “ученый” башын чыгарып, чек араны ысыгында чечип койгондо, бүгүн согуш болбойт эле.
Союздан таркаган убакта чек ара маселеси заматта чечиле турган эле иш болгон.
2. "Каримов өлсө чек ара маселеси чечилет", - деп Каримовдун өлүмүн күтпөй, Эмомалиден коркуп отурбай, армияны күчтөндүрүүнүн ордуна, бар быдырыбызды уурдап, атүгүл орустар берген вертолетторго чейин Угандага сатып, акча кылган Атамбаев күнөөлүү.
Атамбаевдин жылдарында армия “проходной двор” болуп, армиянын баркы кетип, шал абалга түшүп калган.
3. Согуш жүрүп жаткан учурда тажиктердин жалган маалыматтарын таркатып, бийликти элге жаман көрсөтүү аракетинде болгон “Азаттык”, “Апрель” каналдарынын чыныгы эл душмандары экенине эч кимдин күмөнү деле калган жок. Болгону буларды тыйып, жаап, өлкөдөн чыгарып сала турган азамат Кыргызстанда али төрөлө элек окшойт? Антпегенде, айта берип тилибиз тешилди.
4. Ильгиз Шаменов деген акмактын Москвага барып алып, ал жерден: "Баары бир утулдуңар", - деп жат бирөөдөй өз элин табалап жатканы кечирилгис кылмыш. Бул кылмыштын аты - өз өлкөңө карата саткындык деп аталат.
5. Былтыр да, быйыл да Баткенде согуш башталганда, “ит коруган жерге ч.т” болушуп, арам ойлору менен Ак үйдүн алдына чыгышкан митингчи айбандар кыргыз элинин душмандары эмей кимдер?
Эгер былтыр ошолорду катуу жазага тартканда, быйыл андай ыплас көрүнүш кайталанбайт эле.
Ушулардын баарын билип-көрүп туруп, согушту Ташиев менен Садыр Жапаров баштагандай тантырап жүрүшкөндөр да эл душмандары.
Ташиевдин ок аралап, кан кечип жүргөнүн айткандын ордуна, колуна таккан саатынын баасын жазып жүрүшкөн журналисттерди журналист дебей эле ушакчылар деп атап коюшубуз керек.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан сасык Рахмонду баскынчы, канкорго чыгарып, өз элин куру жалаадан куткарып келгенин айтышпай, согушту Жапаров баштагандай сайрап жатышкан журналисттерди ким дешибиз керек?
Мүмкүн акты ак, караны кара деп айта албай, ошон үчүн Кудайдын каарына калып, жазасын алып жаткандырбыз?
Булак: "Майдан. kg" гезити