Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттары өздөрүнчө бөлүнүштү. Алар депутаттык топ түзүшүп, "Мекенчил" аташты.
Депутат Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, буга "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты парламент спикери болуп дайындалганы себеп болгон. Нурлан Шакиевдин ордуна аталган фракция лидерлигин Бакыт Сыдыков колуна алды.
Ал эми "Мекенчил" депутаттык тобуна Элмурза Сатыбалдиев жетекчилик кылат.