Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

Учурда Россиядагы согушка мобилизациялоо жараянынан качып, өлкөбүзгө келаткан  качкындардын  көптүгүнөн  батирлерге, турак-жайларга болгон суроо-талап да кескин өсүп, анын натыйжасында батир ээлери бааларын көтөрүп ийишти.

Батирлерди ижарага берип, бизнес кылгандардын кирешелери артып, капчыктарын кампайтып жатканы менен өлкө бюджетине түшчү салыктардын көбөйөрү арсар. Анткени, батирлерди ижарага бергендердин аз гана бөлүгү мыйзамдуу иш жүргүзүп, салык төкпөсө, басымдуу көпчүлүгү батирден түшкөн кирешелери үчүн бир сом да салык төлөшпөйт. Көрүнүп тургандай, мында очойгон көмүскө экономика жатат. Батир бизнесинде көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу зарылдыгы бар экенине ынануу үчүн төлөнгөн салыктардын суммасына көз жүгүртсөк эле жетиштүү болот.

Улуттук Статкомдун маалыматына таянсак, ушул жылдын 8 айына карата турак-жайларды ижарага бергендер 33,9 млн. сом салык төгүшүптүр. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн. сомго көп. Эгерде батирлерди бергендердин ар бири мыйзам чегинде иш алып барышып, салыктарды төлөгөндө төгүлгөн салыктардын көлөмү мындан эселеп көп болмок. Демек, Министрлер кабинети бул багытта тийешелүү чечимдерди кабыл алып, зарыл чараларды көрүшү кажет. Бул чөйрөдөгү көмүскө экономика ачыкка чыгарылса, бюджеттин киреше бөлүгүн ондогон миллион сомдорго көбөйтүүгө мүмкүн болор эле.