Кыргыз Республиксынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-берененин 2-бөлүгү (Күчтүү же уулуу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш ишинин алкагында иш чаралар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, 24-сентябрда жалпы салмагы 200 кг металл сымапты 1 килограммын 100 долларга мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган А.М.У. жана 1995-жылы туулган А.у.Б. аттуу КР жарандары кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.М.У. жана А.у.Б. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.