Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов өз каалоосу менен спикерликти тапшырды. Ал бул анын жеке чечими болгонун билдирди.
Депутат Жанар Акаев Талант Мамытов өлкө үчүн оор учурларда жоопкерчиликти өзүнө алганын белгиледи.
"Депутаттардын эч кими төрагага ишенимсиздик билдиришкен жок, тескерисинче, чогуу иштештик. Талант Мамытов чындыгында оор учурда спикер болуп, жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал Конституцияны өзгөртүүнүн демилгечилеринин бири болгон. Эми өз каалоосу менен отставкага кетти", - деди Жанар Акаев.
Эл өкүлдөрү жаңы спикерден бүгүнтөн калтырбай дайындоо чечимине токтолушту.
Айрым маалымат каражаттары Нурлан Шакиевдин спикер болууга мүмкүнчүлүгү кеңири экенин жазышууда.
Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес жаатын аяктаган. "Обон", "Учкун", "Эркин - Тоо" гезиттеринде башкы редактор болуп иштеген.
2006-2009-жылдары президенттин маалымат катчысы;
2009-2010-жылдары КР президентинин кеңешчиси, "ЭлТР" телканалынын директору;
2010-2011-жылдары маалымат жана маданият министри болгон.