Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

Өткөн жылдагы кыш өтө жеңил өткөндүгү менен эсибизде. Кыш жылуу болуп, электр энергиядан көйгөй болбой элибиз түйшүк деле тарткан эмес. Бирок быйылкы кыштын суук, катуу болору эмитен айтылууда. Башкысы,  электр жарыгы, жылуулук үзгүлтүксүз берилип, авариялар болбосо эле кыш канчалык суук, ызгаардуу болсо да ага чыдап койсо болот. Ошондуктан электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу эң маанилүү маселелерден болуп эсептелет. Кышка даярдыкты каржылоо жагы кандай болуп атат?

Каржы министрлиги күзгү-кышкы даярдыкка бюджеттен 15 млрд. 612,7 млн. сом каралганын билдирди. Анын 9 млрд. 380 млн. сому жылдын башынан бери  бөлүнүп берилген болсо, анын ичинде «Кыргызжылуулукэнерго» мамишканасына субсидия үчүн 1 млрд. 374 млн. сом бөлүнгөн. Кошумча дагы 165 млн. сом бөлүү пландалууда.

Бийик тоолуу, катаал шарттарда жашашып, электр энергиясына төлөөдө 50 % жеңилдиктери барларды компенсациялоого 126,5 млн. сом бөлүнсө, республикалык бюджеттен каржыланган мекемелердин коммуналдык чыгымдары үчүн 1 млрд. 583 млн. сом бөлүнгөн. Ошондой эле бюджеттик ишканалардын көмүр сатып алууларына 270,7 млн. сом каралган болсо, анын 106,5 млн. сому бөлүнүп берилген.

Мындан сырткары, электр энергияны импорттоого, отун сатып алууга, Камбарата-1 ГЭСи менен «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушуна 11 млрд. 117 млн. сом берүү пландалып,  бүгүнкү күндө анын 6 млрд. 190 млн. сому бөлүнгөн.

Көрүнүп тургандай, кышка даярдыкты каржылоо жагы жаман эмес. Өкмөт кыштын чилдесинде элди электр жарыксыз, жылуулуксуз калтырбаса болду. Албетте, эл да өкмөткө гана ишенип отура бербей, колунан келген даярдыктарын жасап, кыштын камын көрүүлөрү абзел.