Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. 

Буга байланыштуу соцтармактарда жолугушууга каалоочулардын баары киргизилбей, жыйын жабык түрдө өтүп жатканын жазгандар кездешти. 

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мындай билдирүүлөрдү четке какты. 

"Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди.

Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет.

Ал эми “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз.

Президент менен бирге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди", - деп жазды Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, аталган жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев жана депутат Адахан Мадумаров дагы барган.