Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев чек ара маселесине байланыштуу көз карашын соцтармактагы баракчасына жазды:
- Айтууга аргасыз болосуң. «Чек араны талдоо - бул согушту талдоо»- дешет француздар. Чек ара маселесине келгенде өтө аяр мамле жасап, өзүңдү жарнама кылгың келсе чек араны бетиңе кармабай башка жол менен жарнамалап, аны сөзгө аралаштырбай сак болсок болот эле. Чек ара талашы эч убакта бир тараптын каалаганындай болуп чечилбейт. Ал дайыма эки тараптын макулдашылган чечими менен чечилет. Чек ара маселесин бүткүл дүйнөдө мамлекеттик бийлик чечет. Коомчулук, эл кийлигишпейт. Чек ара маселесин коомдун талкуусуна салуу “Шылтоо таап согуш баштайлы”- деген сөз. Буга ачык мисал бүгүнкү Украинадагы абал. Кана кимиң айта аласың? Кайсыл тарабы, “100 пайыз туура кылып жатат”- деп. Бүгүн биздин коомдо популизмдик чегинен ашып, чек арадагы кыйын кырдаалды көбүртүп пайдаланып, өзүнө упай топтогусу келген акмакчылык көбөйүп баратат.
Туура, 60тан ашык жарандарыбыздан айрылдык. Ичтен кан өтүп турат. Кол салган тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашык танкасынан, 20 дан ашык ар түрлүү чопкутталган техникасынан айрылды. Бизге кол салабыз деп алар да чоң жоготууга учурашты. Чек араны басып киришкенде “Кыргыздарга барып “пу-пу” атышып ойнойлу да, анан кайра чыгып кетели”- деп келишкен эмес. Басып алышып ошол аймактан чыкпай коюшту пландашкан. Күч менен кууп чыгарылды. Бул чек араны кайтаруудагы шалаакылыктан эмес, тескерисинче алдын ала көрүлгөн даярдыктан ушундай болду.
Чек ара маселесинде көптөгөн купуялуулуктар бар. Тил кыска. Барын айта албайсың. Ошондо да айрымдарын айтайын. Мындан эки жылча мурун Президентибиз С.Жапаров мамлекеттик чек арадагы абал менен таанышып, кыдырып келип каңырыгы түтөп айткан эле. “10 танка болсо анын 8 танкасы жүрбөйт экен. Жүрөт деген экөөсүн айдатсам бири 1 км. жүрүп барып өчсө, экинчиси 3 км. га жетпей өчтү. Аскерлердин колундагы курал -жарактары эски. Керек болсо машыгуу өткөзүүгө ок- дарылары жок экен.(Дагы толгон кемчилдиктерди айтып келип) Бизге сырттан кол салуу болсо, кол көтөрүп эле багынып бериштен башка жол калбаптыр”,- деген.
30 жыл бою экономикага шылтап армиябызга карабай келгенбиз. Ана 2 жылга жетпеген учурда кантип жогорудагы кол салган агрессорлорду кайра кууп чыгууга жетиштик? Андай эле чындыкты айткыч болсоң муну эмнеге айтпайсың? Жоокерлерибиз аскерий техниканы кой, жыргаган кийим кийүүгө жетишкен эмес. Кудайга шүгүр оңоло баштадык. Кантип бир жарым жылда ушундай даярданууга жетиштиңер? -деп сурап коюп анан сөз баштасаңар болбойбу?
Эки жыл ичинде экономикабыз гүлдөдү дегенден алысмын. Али толук күчүнө кире элек. Ошондо да бюджет 2019-2020- жылдардагы 160-200 миллиарддан 420 миллиардга өстү. Ушуну кантип өстүрдүңөр?- деп сурап койсоңор болбойбу? Канчалаган аскерий курал- жарактар, техникалар сатып алынды. Сырттан карыз алуу токтоду. Баарын айта албайм. Президентибиз айтат; “Истребитель, тик учактарды алалы десек аны айдаган аскерий учкучтарыбыз жок. Аларды окутууга аз болгондо 5 жыл кетет. Бирок бул иш да башталды”,- деп. Ушинтип күйүп кеткенде айла жок айрым сырлардын четин чыгарууга аргасыз болосуң.
Президенттин жеке киришүүсү менен алынып келинген “Байрактар” Баткенде чек араны коргоодо эбегейсиз роль ойноп, душманды кыйратып, биздин жоокерлерди да элди да сактап калганын эмнеге билмексенге салабыз?
Туура жетишсиздиктер, кемчилдиктер көп. Жашоо, экономиканы көтөрүү да мультфильмдегидей эмес экен. Күнү-түнү кара жанды карч уруп иштешти, болгондо да көзүн таап, туура иштешти талап кылат тура. Каражат жок болсо карайлайт экенсиң да. Болгон каражатты аскерий техникаларды алууга, чек араны бекемдөөгө жумшап, канчалаган айлыктарды, жөлөк пул, пенсияларды жогорулатпай койсо да болбойт эле. Айлыктар, жөлөк пул, пенсиялар эки жылда 100-150 пайызга чейин көтөрүлбөсө, дүйнөнү каптаган кымбатчылыкта элибиз эмне болот эле? Эгер республика боюнча ондогон мектептер, канчалаган соцобьектилер, темир жол баштаган жолдор, чакан ГЭСтер, жаңы жерлерди өздөштүрүүчү суу каналдары курулбасак эмне болот эле? Даана ошондо далайларга кудай берип койбойт беле. “Мына эч нерсе кылышкан жок. Иштешкен жок”- дешет эле го. Муну ойлоп койдуңарбы?
Эс тутумубуз ушунчалык начарбы? Мындан эки жыл мурун, “Жакында жөлөк пул, пенсияны бере албай калабыз. Ага каражат жок”,- деп ачык айткан министр кызматтан алынып, айлыктар кечиктирилип бериле баштабады беле. Эң башкы проблема “Кытайга болгон карызды төлөй албайт экенбиз. Бийлик өзү “Төлөшкө күчүбүз жетпейт окшойт. Ага каражат жетишсиз”,- деп канкуулай баштады. Кантебиз? Эгер төлөй албай бир күн кечиксек, Кытайлар канчалаган жерибизге ошол карыз алып курган обьектилерди кошуп туруп ошол замат алып коюшат экен. Келишим ошондой түзүлүптүр. Элден каржат чогултуп карызды төлөйбүзбү?”- деп ыйлап, ал түгүл астыбыз каражат топтой баштабадык беле. Бүгүн “Кытайга болгон карызды төлөй албайт экенбиз”- деген проблеманы унуттук го. Же жалганбы? Бүгүнкү бийлик эки эле жылда кантип ушуга жетише алды? Муну сөз кылсак болбойбу?
Ашык каражат болсо чек арадан чымчык өткүс кылып дүйнөдөгү мыкты деген куралдарды, ракеталарды, истребитель, тик учактарды тизип алып келип коюшту ким каалабасын. Ал оозду чойсо эле бүтүп калуучу иш болсо буга чейин 30 жыл эл башкаргандар ошону жасайт эле го. Айтылгандардын баары кашкайган чындык. Калпы болсо мунусун ашык айттың дегиле. Чындык ачуу. Аны айтсаң буга чейин мамлекеттик башкаруу бийлигинде иштеп кеткен, бийликке жетпей жүргөн, коррупцияга аралашып кускан, иштей албай ишинен кеткен далайлардын жанын күйгүзөт. Анан чек аранын “ч” тамгасын түшүнбөгөн дейдилерин түрткүлөп, дөөрүтүп бир фактысы жок ар нерсени айттырып чыгышат.
Дүйнө чайпалып турат. Согуш оту ар жерден жалындап күйүп, көбөйүп баратпаса азайган жок. Тигинтип “дөөлөрдүн” тиреши күчөй баштады. “Эки нар жөөлөшсө ортодо кара чымын кырылат” –деген макалдын ишке ашып кетиши күтүлүп, мамлекеттин, улуттун тагдыры бычак мизинде кылтылдап турган кез. Керек болсо дүйнө ядролук алааматтын босогосуна барып калды. Мындайда биринчи кезекте мамлекет ичинде ынтымак керек. Оюн коюп, жасалма кадыр барк күтүүчү, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын тебелеп бийлик талашууч мезгил эмес. “Баш жарылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде”- деп, душманга колтук ачпай өзүбүзгө сак болуучу мезгил. Учурда улутка, малекетке душмандардыгың, ички арам оюң болбосо ар бирибиз “Бекем ынтымакта бололу”- дегенди көкүрөккө кыттай уютуп, катуу сактап биримдикте болсок айланчыктап турган алааматтан аман чыгабыз.