- Төрт министрдин катарынан кызматтан алынышы эмнени билдирет?
- Бул алардын өз милдетин так аткарбаганын билдирет. Ошондой эле, президент аларды кызматка коёрдо жакшы изилдебей койгонунун далили.
- Коомчулукта ишинин жыйынтыгын көрсөтүүгө убакыт беришпеди деген сыяктуу да пикирлер болууда...
- Министрлер жакшы иштебегени, эл-журт койгон маселе аткарылбай жаткандыгы үчүн президент коомчулуктун сынына кабылып жатпайбы. Эгер министрлер так иштесе, мыйзам так аткарылса мындай көрүнүштөр болбойт эле. Маселен, маданият министр СССРдин 3 Эл артисин гана билет, калгандары тууралуу маалыматы жок экен. Аларга жасалган мамиле Эл артисттерин капа кылганын, берилген убадалар куру сөз менен калаарын капарына да албайт экен. Ошон үчүн маданият министри кызматтан кеткени туура эле болду.