Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Ош облустарынан боз үй жана ӨКМ тарабынан чатырлар жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Муктаждыкка жараша Лейлек районуна жалпы 57 даана боз үй жана 6 чатыр бөлүнүп, анын ичинде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө 36 боз үй, Кулунду айыл өкмөтүнө 21 даана боз үй жана 6 чатыр жеткирилди.
Ал эми Баткен району боюнча жалпы 40 даана боз үй, 23 чатыр берилип, көрсөтүлгөн даректеги айылдарга бөлүнүп берилди.
Учурда жылуулатылган чатыр жана боз үйлөр ӨКМ кызматкерлери тарабынан курулуп, пайдаланууга берилүүдө.