Бүгүн өрт куткаруу спортунун "өрт эстафетасы 4x100" түрү боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан барган команда алгач өзбек спортчулары менен жарышка чыгып жеңилген. Андан соң Тажикстандын өрт өчүрүүчүлөрү менен таймашууда, Кыргызстандын спортчулары ыкчамдыгын жана шамдагайлыгын көрсөтүп, алдыга озуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын Самарканд шаарында өрт куткаруу спорту боюнча XVII дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ага 11 мамлекет катышууда. Кыргызстандын атынан КР ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн команда күч сынашууда.