Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Анын ордуна президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.