Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Максутов Алтынбек Аскарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Алтынбек Максутовдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Эске салсак, буга чейинки министр Азамат Жамангулов өзүнүн арызынын негизинде кызматтан бошотулган.