Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тилек Текебаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.