Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

Бишкек шаардык мэриясы тараткан маалыматка караганда, үйлөргө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт.

Жылуулук 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь үчүнчү гана күн.

Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат.

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды терезе, эшиктерди жылуулап, отун, көмүр камдап алууга чакырат.