Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 16 миң 457 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Анын ичинен:

- ылдамдыкты ашырып айдоо– 3688;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 247;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4931;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу – 76;
- автоээнбаштык – 14;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 743;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 76;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5614;
- автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо – 36 ;
- мас абалында рулга отуруу – 281.

Ар кандай эреже бузган 1 миң 84 унаа айып коргоо жайына токтотулган.