Печать
Категория: Коом
Просмотров: 17857

Аксы жергесиндеги алдын ала билген касиети күч Сурапбаева Алтын аттуу төлгөчү өлкөнүн учурдагы жана мурдагы бир катар таасирдүү адамдарын эмне күтөөрү тууралуу айтып берди. 

"Садыр Жапаров мөөнөтүнүн соңуна чейин иштейт"

- Садыр Жапаровдун башы жакшы, тогуз төлгө төп түштү. Оюнда жүргөн, ниеттенип жаткан иштеринин баарынын өтөөсүнө чыгат. Кыргыз эли Садыр Жапаровго ыраазы. Пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүү менен элдин алкышына татыганы чыгып жатат. Бийликте анын жылдызы жанып турат. Эч кайда кетпейт. Мөөнөтүнүн соңуна чейин өзү иштейт. Алдыда аны бир жакшылык күтүп турганы төлгөгө түштү. 

"Камчыбек Ташиевди ак жүрөктүүлүгү үчүн жогорку күчтөр колдоого алууда"

- Камчыбек Ташиевдин башы беш дейт, беш талаа сүйүнсүн. Телегейи тегиз, кирешеси бар, чыгашасы жок. Жолду ачык, жүзүндө нуру тамып турат. Элге чын дилинен күйүп-бышканы, ошол сапаты үчүн жогорку күчтөр колдоого алып турганы көрүндү. Колу ачык, берешен. Кайрымдуулугу өзүнө жакшылык болуп кайтып келүүдө. Бирок көралбаган адамдар көп. Алардын тоскоолдугу да чыгып жатат. Анткен менен жогоруда айткандай, кылган жакшы иштери өзүнө кайтып, көралбастардын зыянын артына кайтарып турат. Буйруса, иштери жакшы. Азыркы кызмат ордунда эле көрүнүп жатат. Эч кайда кетпейт. 

Төлгөгө бир аял Камчыбек Ташиев боюнча кимдир бирөөлөрдүн айтуусу боюнча, жалган кептерди таратып жатканы түштү. Бирок бул кишиге элдин колдоосу чоң, кадыр-баркы бийик, иш жолдору ачык. 

"Раимбек Матраимов жакында камалат"

- Раим Матраимовдун учурда абалы жакшы. Көңүлү ток өңдөнүп эле турат. Бирок кандайдыр бир кагаз иштери көрүнүп жатат, менимче, мыйзам менен маселе жаралат. Темир тордун артынан көрүнүп жатат. Жакында камалат. Ошол бойдон эркиндикке чыгышы кыйын. Жанында жүргөн адамдары жаман ниетти карманып, көралбастык кылып жатышат. Этият болушу керек. 

"Адахан Мадумаровдун тили сайраганы менен дили бош"

- Мадумаровго начар төлгө түшүп жатат. Көп көйгөйдү өзүнө өзү арттырып, тилинен тапты дейт. Иши жакшы жүрүшпөй, орто жолдо жалгыз калгансыган көрүнүш келип жатат. Ушул убакта башынан баштап бир капталы ооруп жаткандай. Бул кишинин тили сайраганы менен дили бош, жүрөгү күйбөй турат, колунан иш келбейт. Жолу жабык. Элдин колдоосунан калгансып, ага жүзүн бургандар көп болуп көрүндү. 

"Алмазбек Атамбаев абактан жакын арада чыкпайт"

- Атамбаевдин башы тогуз, аягы сегиз. Жүрөгү ойго чөгүп турат. Түрмөдөн чыгууга умтулуп жатат, бирок ал оюу ишке ашпайт. Темир тордон бошонгонун көрө албай жатам. Чыгарам деген адамдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат, арасында аял киши да бар. Бирок аракети ишке ашпайт. Көп нааразычылыкка калган дейт. Ошонун кесепетин тартып жатат. Ден соолугу жакшы эмес, абайлабаса болбойт.