Печать
Категория: Коом
Просмотров: 305

- Рыспай Исаков менен осурак сиңишкен досторбуз деп айта албайм, бирок, Ракемди 25 жылдан бери бир топ жакын билген адам катары пикир калтырып койоюн.

Тээ илгери, биз бабаларыбыздын бабаларынын белинде жүргөн кезибизде, Радлов деген тили буруу окумуштуу келип, кыргыздарга баа берген тура. Кыргыздар жөн сүйлөсө да жамактатып, уйкаштырып сүйлөгөн эл болот экен деп таң калган экен улуу окумуштуу. Азыркы чырбаш кыргыз ошондо эле ашынган чырбаш экен: уруу-уруу, кокту-колот болуп чабышып, бири-биринин баатырларын өлтүрүп, сулуу кыздарын, күлүк аттарын тартып алып, кыскасы, кыргыздар өз репертуарында экен. “Манасты” кагазга түшүрмөк кайда, тамга тааныган саналуу молдолордон башкасы өңчөй сабатсыз калк болуптур. Мактанган “Манасыбызды” да биринчилерден болуп, кагазга түшүрүп, чет тилге которуп, дүйнөгө тараткан Радлов деген немис болгон. Кийин 20-кылымда “Манас” эпосу үчүн кыргыздан далай зыялылары, илимий, адабий, маданий элитасы камакка алынып, айрымдарынын башы кетип, эпос тагдыры кылдын учунда турганда казак боорубуз, Союзда авторитети тоодой Мухтар Ауэзов сактап калган.

Кыргыздын чырбаштыгы кала берди, бирок уйкаштырып, жамактатып сүйлөгөнү калбады. Эл арасында анча-мынча гана уйкаштырып сүйлөгөн, кеп алдына кеп катып, маани алдына маани катып, оюн каймана билдире алган о илгерки кыргыз калбады. Калса да өтө аз калды. Мен билген таанымалдардан үч кыргыз уйкаштырып, жамактатып жакшы сүйлөйт. Биринчиси - Нуржигит Кадырбеков, экинчиси – Ырыскелди Момбеков, үчүнчүсү – ушул Рыспай Исаков.

Ракең жөн сүйлөбөйт, шум сүйлөйт, күлдүрүп сүйлөйт, күлдүрө берип боорду эзет. Бүт Бишкекти пияда кыдырып келип, бечара туфлисин чечкенде бөлмөгө колоңсо жыт кирет. Ал жытка капа болгон адам жок, Рыспай келгенде үйгө күлкү кирет, шаң кирет. “Текенин заар жытына эс-мас болгон эчки бар”, “Жамгыр күнү ат чаппа, Айт күнү катын алба” деген сыяктуу укмуш макалдарды билген, көөнө кыргыз тилин жан дүйнөсүнө сиңирген уникалдуу жигит.

Исак акенин небереси көзү көргөн нерсени кошуп сүйлөп күлдүрүп кете берет. Рыспайды билбеген адам бир көргөндө калжаңдаган жинди чалыш неме экен деши турган кеп.

Манасчылар башкалардан башкача калк болот. Улуу манасчы Саякбай атабыз аябай богооз, балит аскияларды келтире айткан киши болгон экен мисалы. Рыспай да өзүнө гана таандык жашоо образы, өз дүйнөсү бар манасчы. Тар чөйрөдө манас айтканда ошол жерде отургандарды кошуп, күлдүрө берип жыгытып койот.

Мен дайым жазам. “Манас” көркөм ойдун туундусу, алымча-кошумча боло берчү эпикалык чыгарма.

Илгери сакралдуулукка, купуялуулукка ээ болуп, атүгүл, кайсы бир деңгээлде божествонун да ролун аткарып келген Манас баатырыбыз азыр экзотика. Маанисин түшүнмөк турсун, жыйырма мүнөт чыдап уккан адам жок.

Акыркы учурларда манас айтуунун узактыгы боюнча Гиннес китебине киребиз деген иш-чаралар болуп жатат. Мен ушу бир нерсени такыр түшүнбөйм. Гиннеске эң узакка түкүргөндөр деле, эң узакка заара ушаткандар деле кире берет. Бир бетин жуубаган киши рекорддор китебин түзүп койгон экен, ага киргенден эмне пайда, мен ушуга таң калам.

Өткөндө Байтик баатырдын тоюнда кыргыздар ат жарыштан рекорд кылабыз деп атып, 6-7 жети мыкты атыбыз мүрт кетти, канчасы майып болду. Ошондой рекорддун кереги бар беле? Эми Гиннеске киребиз деп атып дагы бир жолу уят болуп жатабыз. Андан көрө ошого кеткен каражатка Манас Баатыр жөнүндө 5 минуттук мульфильм тартпайлыбы? Тыйын артынан кубалаган аниматор, ютубер мекендештерибиз “чулу-чулу, чача-чача” деп ырдатып коюшту го балдарыбызды. Бишкектик балдар жасаган беймаани мультфильмдердеги түшүнүксүз ырларды ырдашат экен азыркы бөбөктөр. Ал аниматорлорду Акылбек Жапаров баш болуп мактап жүрүшөт чоң жыйындарда. Эмне пайда келтирди ошол аниматорлор деп сураган адам жок...

Рыспай, эң оболу, кам сүт эмген, жакшы-жаман жагы бар кадимки эле пенде. Анын өз чөйрөсүндөгү тамашалары, аскиялары, шумданып сүйлөгөндөрү, жазма поэзиясы манас айтканынан да кызык. Түркиядагы Манас айтуу учурундагы тамашалары улуу эпостун салмагын түшүрбөйт. Бу манасчылардын өмүрү, жүрүм-туруму, манас айтуу алдындагы, айтып жаткан учурдагы, андан кийинки абалдары өзүнчө эле кино болот. Дагы жакшы Манас айтып атып, оозунан көбүк чыгып, эси ооп калбаптыр Раке.

Кыскасы, Гиннеске киребиз деген убараны токтотолу, кыргыздар. “Манас” турган турушу менен Гиннес. Боз үйдүн жасалгасын жарым күн ырдаган эле оңойбу. Дагы жакшы Тажы-Макалга окшогон уникалдуу курулуш курган эмеспиз, аны жарым жыл айтмак экен манасчылар.

Андан көрө заман талабына жараша эпосту экрандаштыралы, андан алынган идеяларды жалпы адамзаттык гуманизм идеялары менен ширелиштирип, тарбиялык мультфильмдерди, роликтерди тарталы.

Калжаңдаган эстрада ырчыларына 1000 доллар берген кыргыз манасчыга бир доллар бербесе, бу өнөр ээлери кантип жашашы керек? Өркөнү өскөн дүйнө элдерине экзотика катары манас айтып, тириглик кылгандан башка эмне кылсын манасчылар.

“Маданият министри кетсин, кокуй”, - деп кыйкырып аткандар да арбын. Кыргыздын маданияты бир эле “Манас” эпосунан турбайт. Музыка, театр, адабият, маалымат саясаты, спорт, туризм деген чоң тармактар бар.

Кыргыз Илимдер Академиясынын алдында Манас таануу деген үлкөн институт бар, ал жерде өмүрүн эпоско берген академик, илим докторлору отурат. Манас академиясы дегенибиз бар. Ага жетекчи болот элек деп тынбай чабышып келе жаткан жамааттарыбыз бар. Андан сырткары паракор соттон мамлекет тарабынан тартылып алынган жомоктой үйдө жомок айткан Манас театры дегенибиз турат. Илгери “Лениндин башы далай скульпторду баккан” деген сөз болчу эле. Ошол сыңары улуу эпос тегерегинде ыйлап-сыктап тириглик кылган жоон топ адамдар бар. Суроолоруңарды ошол кишилерге узаткыла.

“Араң тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү” дегендей, азыркы маданият министри Азамат мырза ызы-чуу такыр кетпеген, эң оор министрликти мыкты башкарып келе жатат. Мен 3 айдан бери малчы таба албайм, министр табыш оңой эмес. Садыр авам ансыз деле кадрдык ачкачылыкты баштан кечирип жатат. Жаманкуловду жамандап барып, дагы бир шойкомду башташпасын артисттер. Бир эжебиз министр болгондо өкүрүп баргандарды да көргөнбүз. Тынч отуралы! Көчмөндөр оюну өтсүн. Ага аман-эсен барып келишсин ырчы-чоорчу, спортчуларыбыз.

Рыспайдын Манас айтып жатып чарчап калганы, тамаша аралаштырып, Манас айтканы чоң деле көйгөй эмес. Гиннеске кирбей калсак деле кылыбыз кыйшайбайт.

Тескерисинче, Гиннес өзү “Манас” эпосуна кирейин деп аракет кылсын. Дүйнөдө теңдеши жок океан эпоско кириш оңойбу?..

Булак: “Майдан.kg” гезити