Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

28-сентябрда, буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында өзгөчө ири көлөмдө баңги заттары табылган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгында, жалпы салмагы 833 граммды түзгөн кургатылган марихуана экени аныкталган. Баңгизаттар табылган үйдүн ээси М.А.Д. аттуу кыргызстандык кармалды.

Азыркы учурда М.А.Д. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш чараларынын комплекси жүрүп жатат.