Равшан Жээнбековдун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуусуна жарандык активист Шамурза Борукулов жооп берди:
- Ушул эки "пожружканы" тыйып кое турган күч Кыргызстанда барбы?
Өзгөчө Ровшандыкы өттү.
Биринчиден: "Камчы" деп сенсиреп, Камчы менен бирге чоңойгон кан досундай сүйлөп жатканы кыжырды келтирет. Камчы бул окшогон шыртекенин жанына жоломок тургай, мунун атын укканда жийиркенип, түкүрүп басып кетет болуш керек. Ошондой болгондон кийин, ар кандай этика нормаларын сактап, Камчыбек Кыдыршаевич деп, сиз менен кайрылыш керек эле.
"Камчы сен олуя эмессиң" деп коет. Ташиев кыргыз эли үчүн олуя. "А сенин олуяң, көчүгүндө ыштаны жок батыштын жылаңач шерменделери", -деп айта турган адам жок.
Экинчиден: өлгүсү келип койчумандын таягына сүйкөнгөн токол эчкидей болуп, Ташиевден бир нерсе талап кылгыдай бул ким?
Атамбаев муну "ууру" деп даңазалап айтпады беле? Көр көрдү караңгыда тааныгандай, учуна чыккан ууру Атамбаев кимдер ууру экенин жакшы билген үчүн айткан да.
Эгер депутаттар батышчыл бузукуларды өлкөдөн вмажбурлапчыгарып сала турган мыйзам иштеп чыгышса, анда парламентти сыйлап жатып калмакпыз. Анда эле, туулган жерден тумшукка жеп, артына ылай шыбалып, батышты көздөй солкулдап ыйлап бараткан шуркуялардын көч башында ушул эки "подружка" кетип бараткан болот эле. Чынын айтайын, табам канып кол чапмакмын.
Ташиевдин тырмагына арзыбаган акмактардын баары, кандек күчүк пилге үргөндөй болушуп Ташиевге үргөнүн уксам, бул жакта туруп заманам тарып кетет.