Жакында менин таанышым быйыл үчүнчү ирет ИИМдин тийиштүү бөлүмүнөн “соттолбогондугу жөнүндө” тактама алып тапшырганын айтты. Биринчисин мурда иштеген жериндеги папкесине тигүү керек болсо, экинчисин жаңы иштеген жерине тапшырыптыр. Ал эми үчүнчүсү бир сыйлыкка көрсөтүү үчүн керек экен. Мурда укук коргоо органдарына иштегендерден башкалардан андай тактама сурашчу эмес. Азыр кандай мекемеге ишке кирбегин эмгек китепчеңе кошуп соттолбогондугу жөнүндө тактама сурашат.
Азыр мурдагы мезгилдердей машинка менен иштеп, бир жактан маалымат алуу үчүн атайын кат жиберчү мезгил эмес, баардыгы автоматташтырылып адамдардын өмүр баяндарынан, сүрөттөрүнөн тартып, манжаларынын издерине чейинкилердин баарынын маалыматтык банктары түзүлгөн. Эгерде ачкычы болсо кимдин ким экенин, анын ичинде соттолгонун же соттолбогонун көз ачып жумгуча билип, кагазын чыгарып бере койсо болот. Бирок, мамлекеттин эсебинен маяна алып, тактама бергичтер аны өзүнчө бюрократиялык механизмге айландырып, анын эсебинен акча тапкылары да келет. Эгерде тактаманы катталгандан бир жумадан кийин алсаңыз, ал акысыз, эгерде анда кыска убакытта алгыңыз келсе, акча төлөшүңүз керек. Убакыты кыскарган сайын акчасы көбөйө берет. Бирок, маселе анда эмес, негизги көйгөй азыр мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын баардыгынын жаңыдан ишке кирип жаткандардан, атүгүл жаңы эле диплом алгандардан да “соттолбогондугу жөнүндө” тактама сурай турганында болуп жатат.
Ырасын айтуу керек, адам укуктарына көңүл да бурбаган авторитардык, тоталитардык деген советтик мезгилде деле кызматкерлерден тоталдык түрдө жогорудагыдай тактама талап кылуу болгон эмес. Ал убакта атайын кызматтарга, укук коргоо органдарына ишке кире тургандардын гана мурда соттолгон соттолбогонуна кызыгышчу, башка мекеме-уюмдарга кирип жаткандардан андайды сурашчу да эмес. Эгерде бирөө жарым коопсуздукка, оор кылмыштарга байланышпаган беренелер менен соттолуп, мөөнөтүн өтөп келгенден кийин аларды тезирээк ишке жайгаштырууга аракет кылышчу. Биринчиден, ал мамлекеттин алдындагы күнөөсүн өтөп бүттү, эми таза деп эсептелсе, экинчиден, андай адамдар жумушсуз калышса, кайра аргасыздан болсо да кылмыштуу чөйрөгө аралашарын билишип, андайга жол бергилери келчү эмес. Ошондуктан жетекчи кызматтарда жүрүп соттолгондор күнөөлөрүн өтөгөндөн кийин маданий, агартуу, илимий жана социалдык мекемелерге келип иштей беришчү. Ал эми азыр шаардык же райондук коммуналдык ишкананын катардагы адиси болуп киргенден да “соттолбогону жөнүндө” тактама талап кылышат, эгерде мурда соттолсо, ал ишке албаганга толук негиз болот. Ушундан улам автоматтык түрдө; бизде бир жолу соттолгон адам экинчи ирет коомго жолотулбашы керекпи?- деген суроо жаралат. Ага ишенейин десең мурда соттолгондордун пахандарынын бир тобу эң жогорку кызматтарда отурушат. Тим эле илгерки анекдоттогудай. Анекдотто мындай: Согуштун алдында бир чабанды партияга алмак болушат, бирок анын Коргол ырчыдай басмачыларга аралаша койгон жайы бар экен. -Эгерде мурда басмачыларга кошулдуң беле деп сурашса, жок дегин,- дейт ага партуюмдун катчысы.Сенин ал жагыңды менден башка эч ким билбейт.
Партияга ала турган бюронун отурумунда райкомдун 1-катчысы чабандан:
- Сен мурда басмачыларга кошулдуң беле?-деп сурайт. Чабан бир топ унчукпай туруп, анан:
- Ооба, кошулгам,- дейт.
- Сен эмнеге былжырап басмачыларга кошулгам дейсиң. Жок деп айт дебедим беле,- деп ачууланат партуюмдун катчысы сыртка чыкканда.
- Корбашы өзү сурап жатса, мен кантип танамын, - деген экен чабан.
Эгерде мындай принцип улантыла берсе, билимдүү-илимдүү, бирок шайтан шаштырып, акча же дагы бир балакети азгырып, же кокустукка учурап, жеңил беренелердин бири менен соттолуп, жазасын өтөп келгендердин кайра кызматка орношуусуна таптакыр мүмкүнчүлүк болбой калат. Азыр бизде ошондой саясат жүргүзүлүүдө. Ал акчасы көптөргө, саясатчыларга эч нерсе эмес, алар кандай берене менен соттолушсо деле түрмөдөн чыгары же бир тополоң аркылуу бошору менен соттолгондугун жойдуруп ташташат. Ал эми акчалары же күчтүүрөөк жакындары жок бечаралардан “соттолгондугун” жоюуга практикалык жактан мүмкүн эмес. Эгерде алар азыркы саясаттын логикасына ылайык, коомго кайра кереги жок болсо, анда аларды түрмөлөрдон чыгаруунун кандай зарылдыгы бар? - деген суроо туулат.
(Уландысы кийинки санда)
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити