Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

Лугански, Донецк “элдик республикаларындагы”, Украинанын Херсон, Запорожье облустарындагы Россияга кошулуу жөнүндө беш күнгө созулган референдумдар 27-сентябрда аяктайт, ал эми 30-сентябрда Россиянын бийлигинин Украинанын төрт облусунун өз карамагына өткөндүгүн расмий жарыялоосу күтүлүүдө. Ал “референдумдардын” алгачкы жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү “баарын жактырабыз” (“одобряймс”) деген советтик  мезгилдегиден да жогору болууда. Алсак, алгачкы үч күндүн жыйынтыгында Лугански элдик республикасы деп аталган аймактагылардын референдумга катышуусу 76,09, Донецк элдик республикасы деп аталган аймактагы элдин урналарга келүүсү 77,12 пайызды түздү. Херсон, Запорожье облустарындагы референдумга катышкандардын саны азырынча 50 пайыздан аша элек болгон менен жыйынтыктары жогоруда аталган “эки элдик республиканыкынан” кемди түзбөй тургандыгынан шектенбесе да болот. Эми “жалпы элдик добуш берүүлөр” аяктап, Украинанын 4 субьектиси Россияга кошулду деп эсептелгенден кийинки саясый, аскердик абал кандай болот, кандай өнүгөт?

Жогорудагы “референдумдарды” дүйнөдөгү диктатуранын символуна айланган 4-5 мамлекеттен (Сирия, Түндүк Корея, Венесуэла ж.б.) башка бир да өлкө тааныбайт. Чындыгында согуш жүрүп жаткан аймактарда беш күнгө созулган жалпы элдик добуш берүүлөрдү өткөрүү дүйнөлүк тарыхта мурда болбосо керек. Бирок, Россиянын бийлиги  кыргызча айтканда “көтөн зордукка” салып, В.Путиндин сөзү менен айтканда, “нравится или не нравится, терпи моя красавица” деп туруп аны ишке ашырды. Ал Россия менен АКШ баштаган НАТОнун ортосундагы саясый тирешүүлөрдү, каршылыктарды мурда болбогондой күчөтүп, ал аскердик кагылышууларга айланып кетиши мүмкүн болуп баратат. Анткени, эгерде өз аймагына реалдуу аскердик коркунуч жаралса, атомдук куралдарды колдоно турганын Россиянын расмий бийлиги мурда көп айткан, жакында аны В.Путин менен С.Лавров кайталашты.

Украина болсо, төрт облусту оккупацияланган субьектилери катары эсептеп, аларды бошотууга багытталган аскердик чабуулдарын уланта берет. НАТОдогулар мурда курал-жарактардан көрсөткөн жардамдарынын көбүн жашырышса, эми ачык эле күргүчтөтүп жөнөтө башташат. Алардын жардамы менен Украина төрт субьектисинин аймактарына  тереңдеп кирип келсе, Россия өзүнүн В.Путин менен С.Лавров жараналаган аскердик доктриналарына ылайык, ага тактикалык ядролук сокку урабы? Андай соккуга карата НАТОнун, биринчи кезекте АКШнын реакциясы кандай болот?

АКШнын  Россиянын аскердик операциясына карата саясаты -  аны кандай жол менен болбосун Украинанын аймагына көбүрөөк ичкери киргизүү болгон. Өткөн жылы декабрдан тартып Дж. Байден дүйнөлүк коомчулукту Россиянын Украинаны басып кириши мүмкүндүгү жөнүндө эскерткен сайын, АКШнын аскерлери Украинага киргизилбей турганы жөнүндө кайра-кайра кайталап турган. Россия Украинада аскердик операциясын баштагандан кийин да ал риторикасын кайталап, анан курал-жарактардан аз-аздан жардам көрсөтүп, чалгындоо маалыматтарын бере баштады. Анан конгресстин демилгеси менен ленд-лиз тууралуу мыйзам кабыл алды, бирок  андан бери 4 ай өткөндүгүнө карабастан ленд-лиз жөнүндө мыйзам жарым-жартылай да иштей элек. Эмнегедир АКШнын жетекчилиги бир нерселерди күткөндөй болуп жатат. Анын бири, жогоруда аталган референдумдар болсо, экинчиси, биздин оюбузча, АКШ Россиянын  Украинанын аймагына дагы тереңдеп кирип,  чектелген операциянын, мобилизациянын кеңири масштабдагы согушка айланышын күтүп жаткандыгы ачык болуп баратат. Анан АКШ ленд-лизди 2-дүйнөлүк согуштагыдай кеңири масштабда иштетет, бул жагынан анын мүмкүнчүлүгү чексиз. Алсак, 2-дүйнөлүк согуштагы 4 жылда АКШ СССРге ленд-лиз боюнча 500 миңге жакын автоунаа, 25 миңден ашык самолет, 15дей танк, 10 миңден ашык паровоз, 1 миллион тоннадай дюралюминий, жүз миңдеген тонна жез, сымап сыяктуу баалуу металлдарды, миллиондогон тонналаган азык-түлүктөрдү  берген. Булардын дагы 3/1 бөлүгүнө жакынын немистер жолдо  талкалап, чөктүрүп жиберишкен. Ленд-лиз деген узак мөөнөттөгү ижара, ташуу учурунда  жана  согушта талкаланган техникалардын, жабдуулардын акчасы төлөнбөйт, ал эми калгандарын алган тарап согуш аяктаганда кайтарышы же акыбалы келгенде төлөп бериши  керек. Советтер Союзу  жогорудагы техникалар, жабдуулар үчүн М.Горбачевдун тушунда АКШга 70 миллион доллар гана төлөгөн.

1941-1945-жылдардагы менен азыркы  АКШны салыштырып болбойт, эң кеминде андагыдан 20 эсе күчтүү.  АКШ чындаса учактарды, замбиректерди ж.б. консерванын банкасындай эле жайнатып чыгарып жиберет. Алардын ондон бирин эле  Украинага ленд-лиз аркылуу бере турган болсо,  Украина курал-жарактарды кай жагына батырарын билбей, агрессивдүүлүгү  эселеп артып, согуштун маани-мазмунун, абалын  кескин өзгөртүп жибериши мүмкүн. Бул өңүттөн алганда, референдумдар аскердик кагылышуулардын дагы күчөп, ленд-лиз аркылуу ага АКШнын активдүү катышуусун шарттаганга гана түрткү бергени турат. Же кагылышуу эки тараптын бири толук жеңилмейинче токтобойт. Украинанын сүйлөшүүлөргө база болчу  сунуштарын  референдумдар биротоло көмдү, Россияда Украинанын кызыктыргыдай сунуш да калбады. Эми, тилекке каршы,  эки тарапка тең масштабдуу согуштарга кеңири жол ачылды.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити