Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркаган айылдарды кыдырышты. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен бирдикте Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун натыйжасында талкаланган Лейлек районунун Интернационал, Максат, Борбордук жана Арка айылынын тургундары менен жолугушуп, жабыркаган турак жайлардын жана социалдык объектилердин абалы менен тааныштык.

И. Раззаков шаарында чек ара чыр –чатагында курман болгон болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, куран окуттук.

Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровтун “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан жарандарыбызга жаңы турак үйлөрдү куруу, талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча иш аракеттер жүрүүдө.

Иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тарабынан Президенттин жогорудагы Жарлыгынын негизиде түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды", - деди Бакыт Төрөбаев.