Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

- Нарынбек мырза, 4 заставанын алынып салынышы, акыркы протокол чек аранын такталышына, абалдын турукташышына салым кошобу?

- Бишкекте отуруп алып эле Баткендеги болуп жаткан окуяларга сын айтканыбыз туура эмес. Ошондой болсо да, билген нерсебизди айталык. Биринчиден, чек аралар такталып, макулдашылмайынча  делимитация, демаркация иши бүтмөйүнчө мамлекет өзүн мамлекетмин деп айтканга укугу да жок. Конституцияда дагы мамлекеттин макулдашылган, такталган чек арасы болуш керек деп жазылып турат.

Азыр торт заставаны ачып салды деп, түрдүү пикирлерди айтышууда.  Менин түшүнүгүмдө, эң эле биринчи  чек араны такташ керек. Аны да жалгыз Ташиев тактабашы керек. Анткени,  кичине эле туура эмес болуп калса, Ташиевдин кылганы деп жаман атты болуп калат. Ошондуктан, бул нерсени мамлекеттик комиссия  түзүп, ошону менен тактап, ал турсун эл аралык комиссия менен да бирдикте иш кылышыбыз керек. Антпесек эки мамлекеттин ортосундагы  чыр басылбайт. Бүгүн “ушул жерге казык как” десе, ошол жерге кагышыбыз керек. 10 күндөн кийин “казыкты ал, башка жакка как” деген да сөз чыгат. Ошон үчүн бүгүн такталса, эки тарап бүгүн кол коюш керек. 

 Качанга чейин эле кырчындай жаштардын, жигиттердин бизди коргоп жаткан жоокерлердин өмүрү кыйылып, элдин үрөйү учуп, эртең эмне болуп кетет деп кооптонуп жашайбыз. Биз тынчтыкта жашаш үчүн чек аранын баарын такташыбыз керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити