Көчүгүңөрдү кайыштан капталган жумшак креслого такап отурган "урматтуу" депутаттар! Түзүгүрөөк мыйзамдарды чыгарганга желкеңерде көтөрүп жүргөн башыңар жетпешин алда качан далилдеп койгонсуңар. Аң -сезимиңер көчө адамдарынан айырмасы деле жок экенине биздин деле көзүбүз жетип бүткөн.
Бирок Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин кимдигин, кыргыз элин канчалык жакшы көрөөрүн, өз эли үчүн жанын берүүгө даяр адам экенин алигиче түшүнүп жетпеген болсоңор, анда мандатыңарды тез тапшырып, туулган жериңерге барып мал баккыла. Мал багууга да баш керек жана адамдан абдан оор эмгекти талап кылат.
"Ташиевдин протоколу" деп эле таң аткандан, күн батканга чейин айта берип силер чарчабадыңар, а силердин кыңшылаган жалган патриот сөздөрүңөрдү угуп биз тажап бүттүк. Протоколду иш кылган адам жазат. Бардык нерсе протокол менен чечилет. Төрт катын топтолуп ушак чогулуш кылышса, анын да протоколун сурайбыз. Жазылган протоколду тажиктер бузуп жатса, эмне үчүн Ташиевге асыласыңар? Баткенге барып Ятимовго же болбосо сасык Рахмонго даттангыла.
Ташиев заставаларды алып салса, анын да бир билгени бар. "Азырынча айтпай турган, бир мезгилге чейин айкындыкка чыгарбай турган сыр болушу мүмкүн", - деп чирип бүткөн мээңер менен бир ойлонуп көрбөйсүңөрбү?
Кыргыз-тажик мамилесин эң жаман чегине жеткирген, артынан согуш ээрчиткен, канчалаган эр жүрөк жоокерлерибиздин жанын кыйган 275 метр жердин протоколуна кол коюп, Баткен элин азапка салган Мадумаров да өзүн билбей Ташиевдин протоколун, Кемпир- Абад маселесин айтат.
Кемпир -Абад водохранилищеден согуш чыкпайт. Ал сууну дайыма Өзбекстан пайдасын көрүп келген. Суу баскан жер гана Кыргызстандыкы. Дайыма ошондой болуп келген. Ташиев ал жердин эмнесин берип жиберди?
Дагы бирөөлөрү тоолорубузду, токойлорубузду тажиктер басып алат деп тантырайт. Ташиев тоолорду, токойлорду эмес, суу жетпей какшыган кайракынын да бир метрин бербейт.
Ташиевге Ровшан ушакчы, Исмаилов деген саткын жана башка белгилүү бузукулардын асылганы азбы силерге?
Эгер билсеңер, чимкириктердин сессиясы силердикине салыштырмалуу бир аз болсо да кызыктуу, түшүнүктүү, пайдалуу эле. Силердин сессияңарды көрүп олтуруп көңүлүм айныйт, кускум келет.
Жаштар келсин деп, каяктагы жаратылышынан "брак" туулган Кемчонтойлорду жыйып алыпсыңар. Ушул парламенттин кимге кереги бар? Ташиевдин баскан изинен айланбай, таркагыла! Ташиев аман болсо, чек ара чыры чечилет. Ташиев иштеп турса, душмандардан кегибизди алат. Ташиев калыстык кылып Бакиевди алып келет. Ташиев бар болсо армиябыз жылдан жылга күчтөлөт, коррупционерлер жоюлат, мекенчил жаштар өсүп чыгат. Себеби биз, балдарыбыз, небере-чеберелерибиз Ташиевдей болсун деп тилейбиз.
Мадумаровдой болсун деген бир адамды таап көргүлөчү. Балам Атамбаевдей болсун деп Чым -Коргондогу жинди да айтпайт. Ошондуктан, Ташиевден айланбай, алдыңардагы ташбака жүрүш ишиңерди кылгыла. Мадумаровду жоопкерчиликтен куткарган күнү, элдин ишениминен чыккансыңар. Ойноп олтургандар от кечип жүргөндү сындаса кыжырың кайнайт экен, аттиң.
Шамурза Борукулов, журналист