Печать
Категория: Коом
Просмотров: 318

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, ок атышууну токтотуу максатында эки өлкөнүн УКМКсынын башчылары 26-сентябрда протоколго кол коюшту. Ага ылайык, эки өлкө тең чек арадагы төрттөн сегиз постту алмай болду. Буга байланыштуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Легендарлуу парламенттин депутаты Акимбек Орозбаев пост канчалык көп болсо, ошончолук чыр-чатак дагы тез тутанат деп эсептейт. 

"Жолду тосуу канчалык көбөйгөн сайын, ошончолук "сен бул эрежени сактабай койдуң, сен тиги эрежени карманган жоксуң" деген сыяктуу, өтүп бараткан адамдарга претензия дагы көбөйөт. Бул ошол өлкөнүн бийлигине элдин нааразычылыгын күчөтө берет. Чек арачылар "бул постту алып коюңуз, себеби, чыр-чатактын уюгу болуп жатат", - дегенден кийин анын жөнү бар да. Барып, ал жерди көрбөй, билбей туруп эле отуруп алып бул мындай, тиги тигиндей деп барабанды дүңкүлдөтө берген болбойт", - деди Акимбек Орозбаев.