УКМКнын ардагери Жеңиш Качкеев кыргыз-тажик чек ара маселеси убагында чечилгенде мынчалык түйшүк болбойт эле деп эсептейт.
"Кээ бирөөлөр, баса айткым келип жатат, бүгүнкү күндө оппозицияда жүрүп, бийлик көзүнөн учкандар ар кандай дүрбөлөңдү уюштуруп жатышат. "Жерлерди берип салды, постторду алып салды" деп ызылдагандар ошолор. Бул бир кишинин чечими менен болгон жок, комиссиянын чечими ушундай болду. Чындыгында бетме бет жайгашкан мунарада эки жоокер бирин бири карап, атышууга даяр турушканынын өзү жаман. Ал жагынан алып караганда, посттун алынганы туура болду.
1994-95-жылдары улуулар айтканбыз "Аскар Акаев Баткенге барып эки күн боз үй тигип жатып алса эле бул маселе чечилет", - деп. Ал убакта Рахмон баш көтөрө элек кези эле. Эми мына, жаңы бийлик келди, бул ишти чечүү аракетине киришти. Буга чейинки алды 15 жылдан, арты 3 жылдан президент болгондор Баткенге басып барышкан эмес. Барып жеринде чечсе болот эле. Анан азыр жакшы иштерди жасап, курал-жарак алып, душмандын тумшугун талкалагандарга кайра каршы чыгып жатышат", - деди Качкеев.