Печать
Категория: Коом
Просмотров: 197

26-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызмат башчылары протоколго кол коюшту. Бул протоколдун башкы максаты - чек ара аймагындагы ок атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу экенин Камчыбек Ташиев билдирди. 

Чек ара кызматынын ардагери Кадырбек Токтомбаев протоколго өз убагында кол коюлду деп эсептейт. 

"Бул протоколдун жардамы менен биз сүйлөшүүлөрдүн башка деңгээлине чыга алабыз. Башкача айтканда, талаштуу аймактар маселесин чечүүгө киришебиз", - дейт Токтомбаев.